• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 25 тонна буудай, 20 тонна алма кармалды

Коом 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден өлкө аймагына товар ташып келүүдө мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык кызматынан белгилешкендей, "Чалдыбар" көзөмөл өткөрмө жайында 590 миң сом суммасында авиатетик, 20 тонна алма, 25 тонна буудай алып бара жаткан унаалар кармалган.

"Чоң-Капка" көзөмөл өткөрмө жайында 20 тонна кесек күкүм (абразивный порошок), 1 тонна капуста кармалган.

"Импорттоочуларда товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон", - деп билдиришти Салык кызматынан.

Мыйзам бузуу боюнча материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам тобуна өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий