• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги Мыкан айылындагы мектепте доскада жазылган «ката» боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Мыкан айылында ачылган мектептеги доскада жазылган «ката» боюнча түшүндүрмө берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 25-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болгон. Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдер катышкан. Иш-чаранын алкагында алар мектептин башталгыч классынын сабагына катышышкан. Марал Жайчибекова сабак өтүп жаткан учурда тартылган доскадагы “мак” жана “мяк” деген жазуулар социалдык желелердин колдонуучуларынын жана айрым журналисттердин назарын бурган. Талкууланып жаткан доскадагы жазуулар боюнча министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Жайчибекова Марал Таштанбековна Мыкан айылындагы Берлыбеков атындагы орто мектепте үчүнчү жылы иштеп жатат. Башталгыч класстардын мугалими катары ал өзүн жакшы жагынан көрсөттү. Анын методикасында окуучулардын көңүлүн бурууга карата тапшырмалар көп колдонулат. Сабакта да ал иштелип чыккан методиканы колдонду. Бул атайын пландалган педагогикалык кырдаал болчу. Окуучулар сабакта “мак” жана “мяч” деген сөздөргө тыбыш-тамгалык талдоо жүргүзүшкөн. Сөздөгү катаны балдар өздөрү табышы керек болчу (“Катасын тап” оюну).

Адатта мындай тапшырмалар балдардын көңүлүн буруу, теманы өздөштүрүүдөгү мүчүлүштүктөрдү табуу жана алардын көрүү сезимин өнүктүрүү үчүн колдонулат. Мындай көнүгүүлөр орфографиялык сергектикти өнүктүрүүгө да таасирин тийгизет.

Ал эми айрым журналисттердин жана социалдык желелердин колдонуучуларынын маселенин чоо-жайын териштирбей туруп жаш мугалимди айыптаганы мугалимдик кесиптин кадырын арттырбайт.

Пикир

Оставить комментарий