• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мыкты муунтуу ыкмасы. Владимир Путиндин Хабиб менен жолуккандагы видеосу

Спорт 0


Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Махачкала аэропортунда UFC уюмунун жеңил салмак ченинде чемпиону Хабаб Нурмагомедов жана аны атасы Абдулманап Нурмагомедов менен жолугушту. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Дагестанга иш сапары менен келген Путинди узатыш үчүн Нурмагомедов бейшемби күнү аэропортко келген. Россиянын өлкө башчысы Абу-Дабиде өткөн турнирде чемпиондук курун сактап калган Нурмагомедовду жылуу кабыл алды. Жолугушууга Дагестандын башчысы Владимир Васильевда катышты.

"Нурмагомедовдун жеңиши менен сизди куттуктайм. Татыктуу беттеш. Күчтүү жана кубаттуу мушкер", - деп президент Абдулманап Нурмагомедовго кайрылды.

Путиндин айтымында, россиялык мушкердин жеңиши күтүлгөндөй болду жана муунтуу ыкмасы туура колдонулду.

"Жеңишиң менен куттуктайм, абдан мыкты беттеш болду. Мен көрдүм. Мыкты муунтуу ыкмасы. Сен муунтуп жатканда кекиртекке басым жасаган жоксуң. Чын-чын, мен беттештин эки тарабынан карап турдум, күтүлгөндөй эле кысып жаттың. Баары адилеттүү болду", - деп өлкө башчы билдирди.

Мушкер Россиянын президентине беттеште кандай ыкма колдонгонун айтып берди. Экинчи бөлүккө келгенде Нурмагомедов убакытты созуп коюп, бир муштумду өткөрүп жибергенине токтолду.

"Мен башында Дастин Порьени чоңураак деп ойлогом. Карасам анчалык деле чоң эмес экен жана физикалык күчү да меникинен аз экендигин көрдүм", - деди Нурмагомедов.

Пикир

Оставить комментарий