• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мыкты окуучулар премьер-министрдин колунан сыйлыктарды алышты

Өкмөт 0

Бишкек, 15.03.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Өкмөт башчы Сапар Исаковдун катышуусунда республикалык олимпиадада жеңишке жеткен окуучуларды сыйлоо аземи өттү.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, бул жылы республикалык олимпиаданы өткөрүүдө өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык суроолорду түзүү жана катышууучулардын иштерин текшерүү көз карандысыз эксперттер тарабынан жүргүзүлгөн.

“Бүгүн биз республикалык олимпиаданын жыйындыгын чыгаруудабыз. Окуу жылынын башынан тарта олимпиада мектеп, район, облус жана республика деңгээлинде өткөрүлдү. Жалпысынан бардык деңгээлде 2237 катышуучу катышкан, 4чү турган чейин 318 бала жеткен”,-деп билдирди Кудайбердиева.

53 окуучу 1ден 3-орунга чейин илешип, бардык этапта жеңишке жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий