• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мына сага! Alibaba компаниянын негиздөөчүсү Жек Ма ээлеп турган кызматынан кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Alibaba компаниянын негиздөөчүсү Жек Ма директорлор кеңешинин төрагасы кызматынын кетти. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Жек Ма 55 жашка толгон күнү кызматтан кетүүнү чечкен. Анын учурдагы байлыгы 41,8 миллиард долларды түзөт.

Манын ордуна аталган компаниянын директору болуп Дэниел Чжан дайындалды.

Жек Ма Forbes журналынын башкы бетинде жарыяланган алгачкы кытайлык ишкер. Ал Кытайдагы эң бай адам болуп эсептелинет жана дүйнөдөгү бай адамдардын тизмесине кирет.

Alibaba Group компаниясы бир катар структураларды башкарат. Маселен, Aliexpress интернет-дүкөнү, Alibaba Picture кино компаниясы жана башка таанымал тармактарга бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий