• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мына сага! Австралияда салмагы 600 кг болгон крокодилди кармашты (видео)

Дүйнө 0


Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Австралиянын Кэтрин аймагында узундугу 4,71 метр, ал эми салмагы 600 кг болгон крокодилди кармашты. Бул тууралуу жергиликтүү The Bendigo Advertiser гезити маалымдайт.

Жырткычты кармаш үчүн дээрлик 10 жыл кеткен, аталган аймактын жашоочулары айрым учурларда дарыядан крокодилдин куйругун көрүп калгандарын айтышчу. Бирок аны эч ким кармай алган эмес.

Айлана-чөйрөнү коргогон Крис Хейдон менен Джон Брек айтылган сөздөргө таянып, акыркы эки айдын аралыгында дарыянын ар кайсы жерине тузак коюп, бийиктиктен да көз салып турушкан. Алардын аңчылыгы оң натыйжа берип, жырткыч колго түшкөн.

Басылманын маалыматы боюнча, 1974-жылы аймактагы Мари дарыясында эң чоң крокодил кармалган. Анын узундугу 6,4 метр болгон. Жырткыч өлтүрүлгөн.

Кэтрин дарыясында эле жыл башынан бери 13 адам жырткычка жем болгон. Былтыр курман болгондордун саны 8ге жеткен. Тургундардын жана туристтердин коопсуздугу үчүн өтө коркунучтуу жырткычтарды табуу боюнча иштер уланууда. Бардыгы болуп аймакта үстүбүздөгү жылы 188 крокодил колго түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий