• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мына сага! Кытайлык аткаминердин үйүнөн 13,5 тонна алтын куймасы табылды. Видео

Дүйнө 0


Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Кытайдын полиция кызматы Ганьчжоу шаарынын мурунку мэри Чжан Цинин үйүн тинтүүдө 13,5 тонна алтын куймасын табышкан. Бул тууралуу жергиликтүү powerapple басылмасы жазат.

Такталбаган маалыматтарга караганда, 57 жаштагы эркек кишинин үйүндөгү жашыруун жер төлөсүндө ири өлчөмдөгү накталай акча да табылган. Ошондой эле, ал жерде бир нече миң чарчы метрди камтыган баалуу мүлктөр болгон.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдирүүсүндө, акча, алтын, эски баалуу буюм, сүрөттөрдү чыгаруу үчүн бир катар аскердик жүк ташуучу унаа тартылган.

Кытайдын 57 жаштагы жараны өлүм жазасына кесилиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий