• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мына сага! Ташчайнардын 5 жаштагы окуучусу үч тонналык унааны ордунан жылдырды

Коом 0


Бишкек, 03.05.18. /Кабар/. Бишкекте 5 жаштагы бала унааны бир нече метрге чейин сүйрөп барды.

Кыргызстан боюнча белгилүү болгон баатыр – Ташчайнар бүгүн коомчулукка Нуркыргыз деп атап койгон өзүнүн кичинекей окуучусун тааныштырды.

Бала да өз таланттын көрсөттү. Анын ийинине “Митцубиси” үлгүсүндөгү унаа байланып турган жипти илип коюшту.

Эч кандай тоскоолдуксуз эле ал дээрлик 3 тонналык унааны 34 метрге чейин сүйрөп барды. Бала өзү 21 кг чыгат.

Анын устатынын айтуусунда, бүгүнкү күнгө Нуркыргыз дээрлик алты ай даярданган. Максат бир – бул дүйнөлүк рекорд орнотуу.

Ташчайнардын айтымында, баланын ата-энеси аны көрсөткүлөрү келбейт, ошондуктан беткап кийгизилип, аты да өзгөртүлгөн.

Келечекте алар өз таланттарын Америка Кошмо Штаттарында көрсөтүүнү пландап жатышат. Бул максаттын иш жүзүнө ашышы үчүн аларга таанышы Стас Михайлович жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий