• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мына сага! Ушакка аялдарга караганда эркектер жакын болушат

Дүр дүйнө 0

Кыргызстанда эки кишинин башы бириксе саясатты сүйлөшүп калат деп коёт эмеспизби. Анын сыңары эки кишинин башы бириксе сөзсүз ушак айтылат. Бири болбосо бири айтат, экинчиси угат. Бирок ушак качан жана кайсыл жерде көп айтылат? Англиялык окумуштуулар 2 миң кишиге ушак боюнча изилдөө жүргүзүп, ушак тууралуу азыноолак "маалымат топтогон".

Изилдөөгө ылайык:

1. Адамдар ушак үчүн эң көп дүйшөмбү күнүн жана саат 16:00гө артыкчылык берип, көбүнчө өткөн жуманын аягы талкууланат.

2. Адамдардын 95%ы ушакты жөн гана ушак үчүн айтышат. 5%ы болсо жаман ой менен ушак айтат.

3. Адамдардын 62%ы бош убактысында ушакташат.

4. Ушактын көбүндө анча маанилүү эмес журналдагы окуялар сүйлөшүлөт.

5. Ушактын эң маанилүү темасы - достор жана үй-бүлө.

6. Адамдар көп учурда жумушта, тамактануу маалында жана кечелерде ушак айтат.

7. Адамдардын 11%ы биринчи жолугушуусунда эле ушак айта башташат.

8. Аялдарга караганда эркектер ушакты көбүрөөк жакшы көрөт.

Кызыгы ушактын зыяны эле эмес пайдалуу жактары да бар. Адистердин айтымында ушак айтуу адамдын ден-соолугу үчүн пайдалуу. Ушак аркылуу адамдар бири-бирине ойлору, сезимдери менен бөлүшөт. Мындай жол менен алар өздөрүн ойлонткон көйгөйлөрдөн алаксып, башка адамдар менен байланыш түзөт. Ошентип адамдар стресстен аз да болсо арыла алат.

Ал эми ушакка жакын болбогон адамдар көп учурда баарлашууда кыйналышат экен.

Маалымат "Yeni Hitit 1. Yabancılar için Türkçe " ("Чет элдиктер үчүн түркчө") китебинен алынды

Пикир

Оставить комментарий