• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

“Мынчалык кайдыгер болбогулачы“ — Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды

Президент 0


Бишкек, 02.05.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жалпы кыргызстандыктарга кайрылып, жарандарды Ысык-Көлгө аяр мамиле жасоого жана эс алгандан кийин таштанды калтырбоого чакырды.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Мынчалык кайдыгер болбогулачы.

Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалап бүтө албай жатышат.

Таза болуу өзүбүздөн го акыры. Неге мынча кайдыгербиз? Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз.

Тазалыкты сактоону суранам. «Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза».

Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы тазалыкты сактоону талап кылууга милдеттүүсүздөр", – деп, президент ӨКМдин суучулдарынын эмгегин сыйлоого чакырды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын мартында Ысык-Көлдө көлдү таштандылардан тазалоо иштери башталган.

ӨКМдин суучулдары учурда көл түбүнөн тонналаган таштандыларды алып чыгууда.

Буга чейин ведомстводон билдиришкендей, суучулдар 47 күндүн ичинде көлдөн 3,7 миң кг таштанды жана 47 миң метр тор алып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий