• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Мындай колдоо күч-кубат берет". Эрдоган кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди

Саясат 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Эрдоган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Кыргызстан менен Түркия лидерлеринин жолугушуусу 15-мартта Анкара шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкө башчыларынын кезексиз саммитине катышуунун алкагында өттү.

Жолугушууда өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн.

Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылык билдирди.

Түркиянын президенти Садыр Жапаров тараптан колдоосун сезип жатканын, ал биринчилерден болуп көңүл айтуу үчүн телефон чалып, Бишкектеги Түркиянын элчилигинин имаратында көңүл айтуу китебине өзү жазуу калтырганын белгиледи. Түрк эли үчүн бир тууган кыргыз элинен мындай колдоо күч-кубат берет.

Соода-экономикалык кызматташтык маселелерине токтолгон Режеп Тайып Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий