• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мындай жолугушуулар керек - активист Урмат Насыкулов президент менен болгон жолугушуу тууралуу

Коом 0

Бишкек, 21.07.20 /Кабар/. Бүгүн, 21-июль күнү президент Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда элге, дарыгерлерге жардам берип жаткан активист жана ыктыярчылар менен жолугушту. Жолугушуу учурунда алар президентке суроо узатып, сунуштарын айтышты.

"Биз Барбыз" элдик штабынын негиздөөчүсү Урмат Насыкулов президент менен болгон жолугушуу тууралуу ой бөлүштү.

"Март айынан бери ыктыярчылык менен алектенип жатабыз. Учурда медицина кызматкерлерине кычкылтек концентратору, дары-дармек түрүндө жардам көрсөтүп, обсервациядагы медицина кызматкерлерине ысык тамак менен жардам берүүдөбүз. Чынын айтканда, мен курч суроо бере албаган ыктыярчыларды чакырат деп ойлогом. Бирок чынында эле иштеген, жигердүү, өзүнүн көз карашы бар ыктыярчылар чакырылыптыр. Жолугушууда курч суроолор берилип, бийлик тарапка сындар айтылды", - дейт ал.

Анын айтымында, президент айтылган маселелер боюнча чаралар көрүлөрүн айткан.

"Мен мындай жолугушууларды салттуу түрдө өткөрүп турууну сунуштадым. Ага бул сунуш жагып, ал сынды көтөрүп, ага кулак сала турганын айтты. Жалпысынан бири-бирибизге жардам берүү, кризистен чыгуу керектиги боюнча түшүнүшүү бар. Ыктыярчылар тарабынан көп маанилүү маселелер айтылды. Негизинен мындай жолугушуулар керек. Диалог түзүү керек. Чыныгы иштеген ыктыярчылардын келгени мага жакты. Арийне, бул жолугушууну кеңейтүүнү сунуштадык. Себеби, март айынан бери иштеген татыктуу, айта турган сөзү бар балдар бар", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий