• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мындан ары Дипломатиялык академия ТИМге караштуу атайын адистештирилген ЖОЖго айландырылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы мындан ары Билим берүү министрлигине эмес, Тышкы иштер министрлигине караштуу атайын адистештирилген жогорку окуу жайына айландырылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталууда. Мындай маселе Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кечээ, 26-февралдагы жыйынында каралды.

Стратегиялык милдет Академиянын статусун кайрадан карап чыгуу, анын Уставына жана бир катар жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат. Себеби алар учурдагы ТИМдин милдеттерине жана кызыкчылыктарына толук кандуу жооп бере бербейт. Ошондуктан, азыркы учурда, ТИМ Академиясынын уюштуруучусу катары, Академиянын ректорун дайындоодо, дипломатиялык кызматта тажрыйбасы бар, эл аралык иштерде жана саясат чөйрөсүндө теориялык эле эмес, практика жүзүндө билими дал келген жогорку квалификациядугу кадрларды дайындай албагандыгы, Академиянын ишмердүлүгүнүн натыйжалуу жүргүзүлүшүнө терс тасирин тийгизүүдө, - деди баяндама жасаган КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова.

Ошол эле убакта, Кыргыз Республикасынын (мындан ары-КР) тышкы саясатын ишке ашырууда ТИМдин ролу бийиктеп жатат. Айрыкча улуттук коопсуздукту камсыз кылууда, глобалдык денгээлде келип чыккан коркунучтарга жана чакырыктарга каршы турууда ТИМдин аткарып жаткан иштери өлкөнүн "күч" тармактары менен барабар.

КРнын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүүдөгү максат Академиянын статусун Тышкы иштер министрлигинин алдындагы билим берүү мекемеси катары кабыл алдыруу зарыл жана Академиянын ректорун шайлоо жолу менен эмес, дайындоо жолу менен ишке ашырылышы керек. Мындай өзгөртүү КРнын Ички иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин алдындагы билим берүү мекемелери үлгү болуп бере алат. Бул жагдайга депутат Т.Икрамов да кайрылып мыйзам долбоорун колдоого алуу зарылдыгын билдирди.

Ошондуктан, Академия, мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарын эске алып, Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндөгү" Мыйзамынын 38-берененин 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер миринстрлигинин” деген сөздөр менен толукталсын деп сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий