• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мындан ары “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйындарды “Пирамида” телеканалы түз чагылдырат

Коом 0

Бишкек, 23.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигиндеги бардык маалымат жыйындарды “Пирамида” телеканалы түз чагылдырып турат.

Бүгүн, 23-январда “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медер Шерметалиев менен “Пирамида” телеканалынын башкы директору Дооронбек Адахановдун жолугушуусу өттү. Анда мамлекеттик маалымат саясатынын эффективдүүлүгүн арттыруу жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн, отчетун калын журтка жеткиликтүү кылуу максатында эки жалпыга маалымдоо каражаттары кызматташуу боюнча макулдашты.

Келишимдин негизинде “Кабар” агенттигинин маалымат жыйындары, медиа долбоорлор эми “Пирамида” телеканалы аркылуу да түз эфирде көрсөтүлүп турат.

Белгилей кетсек, “Медиа Холдинг Пирамида” ЖЧКсы — Кыргызстандагы алгачкы коммерциялык телерадиокомпания. Телеканал 1994-жылдын 6-декабрында негизделген. “Пирамида” телеканалы Кыргызстандын бардык аймактарында жеткиликтүү көрсөтүлүп, анын техникалык сигналы калктын 98%ын өзүнө камтыйт.

Ошондой эле EutelSat 70В спутниги аркылуу бүткүл Борбор Азияда таркайт. “АлаТВ”, “Долон ТВ”, “Акнет” эфирдик, кабелдик берүүлөрү аркылуу чагылдырылып келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий