• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мындан ары «Унаа» мекемеси каттоо жана кайра каттоо учурунда унааны сүрөткө тартып алат

Коом 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Мындан ары Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жана кайра каттоо учурунда аларды ар тарабынан сүрөткө тартышат, андан кийин фотосүрөттөр жана кароо актысы электрондук маалымат базасына киргизилет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы жол жоболорго ылайык, системага фотосүрөттөрдөн жана кароо протоколунан тышкары кузовдун (шасси/рама) номерлери, унаанын жайгашкан жеринин дареги жана текшерүүнүн датасы киргизилет.

Автоунааларды милдеттүү түрдө сүрөткө тартуу каттоо же кайра каттоодо иш жүзүндө транспорт каражатын кароодон өткөрбөстөн каттоо фактыларын жокко чыгарууга мүмкүндүк берет.

Тиешелүү өзгөртүүлөр транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жана аларга карата менчик укуктарын Мамлекеттик каттоо эрежелерине киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий