• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мырза-Аке – Алайкуу унаа жолунда кар күрткүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы унаа жолунда кар күрткүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январда саат 23:00дөр чамасында Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 50-90-чакырымына чейин катуу шамал болуп, жолдо кар күрткүсү пайда болгон. Унаа жолу убактылуу жабылган.

Тазалоо иштерине №26 жол тейлөө ишканасынан атайын каражаттар тартылган. Кардын калындыгы 70см.

Пикир

Оставить комментарий