• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мырзаке-Алайкуу унаа жолунда кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылган

Аймак 0

Бишкек, 20.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-102-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, адам өмүрүнө зыян келген эмес.

“№26 жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер, 3 жүктөгүч жана 5 кызматкер тартылып, жол бир тараптуу ачылып, кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кеңейтүү иш-чаралары бүгүн улантылат”,-деп билдирет ӨКМ кызматы.

Пикир

Оставить комментарий