• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, толук ачылды

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. / Кабар/. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, толук ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, бүгүн саат 05:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жааган кардын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-76-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 6000 метр кубду түзгөн кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган.

"Унаа жолду тазалоого №26 ЖТИден 2 жүктөгүч жана 1 бульдозер тартылып, саат 13:45де жол каттамы толук ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий