• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды — ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Кечээ, 24-мартта саат 15:20лар чамасында Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 4200 куб метр кар көчү түшүп, жолду жабып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тазалоо иш-чараларына бир бульдозер, бир жүктөгүч тартылган.

Тартылган техникалардын жардамында саат 18:30га чейин 2100 куб метр кар көчкү тазаланып, унаа жол бир тараптуу ачылган.

Бүгүн, 25-мартта тазалоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий