• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кечээ болжол менен саат 09:30дар чамасында унаа жолдун 78-86-чакырым аралыгында кар көчкү түшкөн. Кардын көлөмү 20 миң метр кубду түзөт.

Унаа жолду тазалоого 3 атайын техника тартылган. Билдирүүгө ылайык, унаа жол кечээ, 19-декабрда саат 17:00дөн тарта аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий