• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда таш түшүп, жол жабылган

Аймак 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда таш түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-март күнү саат 23:30 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 48-чакырымында (Чар-Арча тилкеси ) 50 куб метр таш түшүп, унаа жол жабылган. Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч тартылган. Учурда тартылган техниканын жардамында тазалоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий