• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунда таш кулап Жазы дарыясын бөгөп калды

Коом 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. 2017-жылдын 8-майында болжол менен түнкү саат 10:00 чамасында Мырзаке-Кара-Шоро автожолунун 47-чакырымында тоодон таштар кулап Жазы дарыясын бөгөп калган. Бул тууралуу КР Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжада суунун көлөмү өйдө көтөрүлүп жолго чыгып унаалардын каттоосуна оорчулук туудуруп жатат.

"Азыркы убакта №5 жол тейлөө ишканасы тарабынан таштарды жардырып тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министирлиги менен макулдашуулар жүрүп жатат. Тазалоо иштерине №5 жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 атайын техника жана ишкананын жумушчулары даярдалды", - деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий