• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖАМКнын өздүк курамы 1-майдан тартып күчөтүлгөн режимде иштейт

Коом 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 1-майынан тартып КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, май майрамдарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде күчөтүү коомдук тартипти камсыздоо, мыйзамдуулукту сактоо, өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө жана ЖАМК бөлүктөрүндө туруктуу абалды сактоо максатында киргизилүүдө.

Бул мезгилде МЖАК мекемелеринин өткөрмө пункттарында көзөмөл күчөтүлөт.

Кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режими 2017-жылдын 10-майына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий