• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

МЖАК жеке курамы шайлоого карата күчөтүлгөн тартипке өттү

Коом 0

Бишкек,12.10.17./Кабар/. 2017-жылдын 12-октябрынан тарта Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жеке курамы шайлоого карата күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө тартибине өткөн. Бул тууралуу МЖАКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күчөтүлгөн тартипке президенттик шайлоону өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту сактоо, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоонун алдын алуу жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында өтүшкөн.

Маалыматта айтылгандай, бул убакытта өзгөчө көңүл МЖАК мекемелеринин көзөмөл-өткөрүү жайындагы көзөмөлдү күчөтүүгө бурулмакчы.

Күчөтүлгөн тартип атайын буйрук берилгенге чейин аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий