• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Төрөбаевдин талапкерлигин көрсөттү

Саясат 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлдү. Мындай чечим бүгүн Бишкекте өткөн партиянын сьездинде кабыл алынды. Төрөбаевдин айтымында, алдыдагы шайлоо жеңил болбойт.

Мындан мурдараак ал эгер ал президент болуп калса, жарандарга тоскоолдук жаратпаш үчүн, президенттик картежден баш тартаарын билдирген болчу.

Ошондой эле, ал күчтүү президенттик башкарууну колдоорун билдирген. Анын пикиринде, Кыргызстанда парламенттик тутум өкмөттүк коалиция менен иштеп кете алган жок.

Пикир

Оставить комментарий