• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Өнүгүү-Прогресс” штабынын мүчөсү: Бакыт Төрөбаев партиялаштарынын жана элдин ишенимин актаган жок

Коом 0

Бишкек, 04.10.17. /Аман Алымбеков - Кабар/. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев партиялаштары жана эл тарабынан ага артылган үмүттү актай алган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында “Өнүгүү-Прогресс” штабынын мүчөсү Чынара Жамгырчиева билдирди.

Анын айтымына караганда, ал президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын штабынын ишенимдүү өкүлү болгон. Төрөбаевдин талапкерлигин колдоого даяр болгон өз тарапташтары болчу. Бирок ал башка “Республика Ата-Журт” партиясынан президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен биригип алган соң, Жамгырчиеванын “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын программасына жана максаттарына болгое ишеними жоголгон.

“Мени Бакыт Эргешовичтин партиясына чакырып, шайлоо алдындагы жарышта жардам берүүмдү өтүнүшкөн. Биз буга чейин Б.Төрөбаевдин жакшы аброюу бар экендигин билчүүбүз. Биз ага ишенгенбиз. Ошондой эле анын программасына ишенип, аны аягына бара деп ойлоп, президент болуп, учурда өлкөгө керектүү болгон өзгөрүүлөрдү жасайт го деп ишенчүүбүз. Биз көз карашыбыз боюнча ал туруктуу жана келечектүү талапкер болчу. Кийнчерээк биздин партия Филармонияда курултай өткөрө тургандыгы маалым болду. Биздин талапкердин башка лидерлер Ташиев жана Мадумаров менен биригүүсүн күтүп жаткан болчук, бирок ал шайлоого өзү бара тургандыгын айтты. Кийинчерээк шаардык кеңеште “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Таалай Сариев бизди чогултуп, партия үгүт иштерин жүргүзө албай тургандыгын жана башка талапкер Өмүрбек Бабанов менен бириге тургандыктарын кабарлады. 12-сентябрда бүтүндөй өлкө чын эле Төрөбаев Бабанов менен бириккендиги тууралуу укту. Биздин оюбузча ал жөн гана анын акчасына сатылды. Биз андан мындайды күткөн эмес элек. Биз аны татыктуу талапкер деп ойлочубуз”,-деди ал.

Ошондой эле анын ою боюнча, акчага алданган жана акчанын жардамы менен президент болууну каалаган талапкер элдин ишенимине татыктуу эмес жана өлкө башчысы боло да албайт.

“Бакыт Эргешовичдин аброю жакшы болчу. Бирок анын Бабанов менен биригип, анын акчасына алдангандыгы ага ишеним көрсөткөндөрдүн бардыгын таң калтырды. Менин оюм боюнча мындай жол менен бийликке келүүнүн кажети жок”,-деп билдирди Жамгырчиева.

Өз сөзүнүн аягында ал Төрөбаев өз алдынча аягына чейин баруусу керек болчу деди.

Пикир

Оставить комментарий