• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Өнүгүү-Прогресс” төрагалык кызматка Исхак Масалиевдин талапкерлигин сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы ЖК Төрагалык кызматына Исхак Масалиевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу бүгүн жыйында фракция лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, парламент регламентине ылайык “Өнүгүү-Прогресс” Масалиевдин талапкерлигин көрсөтөт.

Исхак Масалиевдин айтымында, атаандаштык бар жерде демократия бар.

“Эгерде атаандаштык жок болсо, бардыгы сазга айланат. Биз эгерде сунуштаганга добуш берип коюп отура берсек анда, өнүкпөйбүз. Бүгүнкү күндө парламентте эң чоң маселе бар – парламенттин аброюу абдан түшүп кетти. Төраганын башкы милдети – парламенттин ишин жакшыртуу, ар бир квартал сайын депутаттар коомчулук алдында ММК аркылуу отчет бергидей кылуу керек”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий