Нью-Делиде кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму өттү

Экономика 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Индиянын Нью-Дели шаарында 15-16-ноябрь күндөрү кыргыз-индия соода-экономикалык мамилелерин талкуулаган маанилүү иш-чара болуп өттү. Анын жыйынтыгында соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын тогузунчу отумунун Протоколуна кол коюлду. Бул тууралуу КРнын экономика министрлиги кабарлады.

Отурум КРнын Саламттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана Индия Республикасынын соода жана өнөр-жай министри Суреш Прабхунун жетекчилиги астында өткөн.

Отурумдун жүрүшүндө соода жана инвестиция, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, маалымат технологиялары, экологиялык жана техникалык коопсуздук жана башка тармактар боюнча кызматтташуу маселелери талкууланган.

Ошондой эле, Кыргызстан тарап саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну, анын ичинде мамлекет-жеке жак өнөктүгү долбоорлорун ишке ашыруу, жогорку технологиялуу жабдыктар менен аткарылган операцияга муктаж КРнын жарандарынын дарылануусуна жеңилдиктерди берүү, биргеликте ишкана түзүүнү демилгеледи.

Мындан тышкары эки тарап аталган комиссиянын онунчу отурумун Бишкекте өткөрүүнү чечишти.

Пикир

Оставить комментарий