• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нью-Йоркто дайынсыз жоголгон А.Чиркеевдин достору жеке детектив жалдоого акча топтоо үчүн жардам сурашат

Коом 0

Бишкек, 13-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Нью-Йоркто дайынсыз жоголгон А.Чиркеевдин достору жеке детектив жалдоого акча топтоо үчүн жардам сурайт.

Эскерте кетсек, КР ТИМи АКШДагы КР элчилигине Нью-Йорк шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кайрылганын билдирген. Алардын маалыматы боюнча, Кыргызстандын 1997-жылы 28-апрелде туулган жараны Азизи Чиркеев жоголгон. Берилген маалыматка ылайык, Чиркеев 3-апрелде кечки саат 9да иштен чыккан бойдон үйүно келген эмес. Ошондон бери телефону өчүк, кайда экендиги белгисиз.

www.gofundme.com сайтында А.Чиркеевдин достору жеке детектив жалдоого акча топтоо үчүн баракча ачышкан.

“Биз GoFundMe платформасын Нуркан эжеге 2017-жылы 3-апрелде дайынсыз жоголгон уулу Азиз Чиркеевди табууга жардам көрсөтүү үчүн түздүк. Учурда аны Нью-Йорктун полициясы, үй-бүлөсү жана кыргыз коомчулугу издеп жатат. Жеке детективди тартып жатышат. Шаардын бардык ооруканаларынан жана өлүкканаларынан издеп эч нерсе тапкан жокпуз. Көчөлөрдөгү, мекемелердиги видеокамералар текшерилди, баары натыйжасыз. Жоголоруна бир күн мурда ал "Brighton Bazar" маркетинин камерасына түшүп калган. Бул биз тапкан жалгыз видео. Андан бери ал банктагы эсебинен акча да алган эмес, банк муну ырастады ”, - деп айтылат сайтта.

Ошондой эле, достору жеке детективдин акысын төлөө үчүн көп акча керектигин, А.Чиркеевдин апасы жана анын туугандары каражат топтошконун жана дагы 3 миң 500 доллар керектигин белгилешкен.

“Азиздин апасы уулу жоголгондон бери аны издеп, уйку көргөн жок. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, суранабыз, кайдыгер карап турбаңыздар”, - деп кайрылышты жоголгон баланын достору.

Пикир

Оставить комментарий