• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нью-Йоркто Казакбаев Азербайжандын тышкы иштери министри менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжандын тышкы иштер министри Джейхун Байрамов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары активдештирүү боюнча умтула тургандыгын ырасташты. Бул контекстте Тышкы иштер министрликтер аралык саясий консультацияларды жана экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйындарын уюштуруу маселелери каралды.

Көп тараптуу уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерин, 2022-жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, кыргыз тараптын аймактар аралык диалог боюнча демилгелерин талкуулашты.

Азербайжан тарапка эки мамлекеттин жарандарынын өлкөлөр ортосундагы саякатын өбөлгөлөө максатында Кыргызстандын эмдөө паспортун таануу процессин тездетүү өтүнүчү айтылды.

Көп тараптуу уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү жана колдоо маселеси өзүнчө каралды. Тараптар алдыда боло турган байланыштардын графигин жогорку деңгээлде талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий