• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нью-Йоркто КР делегациясы Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушуу уюштурду

Саясат 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын делегациясы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алдында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушуу уюштурду.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чара тоо күн тартибин эл аралык аренада илгерилетүүдөгү тоолуу өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү максатында өткөрүлдү.

Жыйынга дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн келген 90дон ашуун өкүл, анын ичинде Казакстандын, Өзбекстандын, Андорранын, Венгриянын, Бутандын, Никарагуанын, Малавинин жана Лесотонун тышкы иштер министрлери катышты.

Алар өз сөзүндө бул иш-чараны уюштуруудагы кыргыз тараптын демилгесин жогору баалап, тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча аракеттерин колдоорун билдиришти.

Иш-чарага ошондой эле БУУ тутумунун Дүйнөлүк банк, ЮНЕП, БУУӨП, ЮНИДО сыяктуу мекемелери жана башка эл аралык уюмдарынын жогорку өкүлдөрү катышып, тоолуу мамлекеттерге эл аралык аренада алардын кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти. Бул колдоо БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммед жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цуй Дунъюй тараптан да белгиленди.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөн жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУ тараптан жарыяланган Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөөдөгү эң маанилүү иш-чаралардын бири болду. Бул жыйын Башкы Ассамблеянын 77-сессиясынын 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин бешжылдыгы” деп жарыялоо жөнүндөгү резолюциясынын долбоорун колдоо максатында өттү. Алдыдагы беш жылдыктын алкагында Кыргыз Республикасы тоолуу өлкөлөрдө айлана-чөйрөнү коргоо, табигый кырсыктардын алдын алуу, саламаттык сактоону өнүктүрүү, тоолуу коомчулуктардын электр энергиясына, билимге, илимге жана маданиятка туруктуу жетүүсү боюнча демилгелердин кеңири спектрин илгерилетүүгө ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий