• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нью-Йоркто ресторан жана барлар коронавирустан улам жабылат

Дүйнө 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Нью-Йорктун бийлиги дүйнөгө тараган коронавирустан улам 17-мартта саат 09:00дөн тарта бар жана ресторандарды жабуу боюнча чечим чыгарат. Бул тууралуу аталган шаардын мэри Билл де Блазио билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, ресторандарда тамакты үйгө жеткирүү кызматы да ишин токтотот.

"Эртең ресторан, бар, кафе жана үйгө тамак жеткирүү кызматынын ишине чектөө киргизүү боюнча буйрукка кол коем. Түнкү клуб, кинотеатр жана концерттик аянтчалар жабык болушу керек", - деп айтылат Блазионун билдирүүсүндө.

Нью-Йорктун мэринин айтымында, шаарда коронавирустан беш адам көз жумду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирусту пандемия деп сыпаттаган.

Пикир

Оставить комментарий