• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нью-Йоркто турак үйдөн өрт чыгып, каза болгондордун саны 19 адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Нью-Йорк шаарынын Бронкс районундагы турак жайдан чыккан өрттөн өлгөндөрдүн саны 19 кишиге жетти, алардын ичинен тогузу балдар экени аныкталды. Шаардык өрт кызматынын башчысы аталган тилсиз жоону акыркы он жылдагы эң трагедиялуу окуя деп атады.

Нью-Йорк мэринин башкы кеңешчиси Стефан Рингель курмандыктар жөнүндөгү маалыматты тастыктады. Шаардык администрациянын атын атабаган башка бир өкүлү Associated Press агенттигине балдар тууралуу кабарды ырастады.

Рингель 50дөн ашуун адамдын денеси ар кыл деңгээлде күйүк алганын, дагы 13 адамдын абалы оор экенин билдирди. Көбүнүн дем алуу органдары жабыркаган.

Нью-Йорк шаарынын өрт башкармалыгынын маалыматына караганда, жалынды өчүрүүгө жана батирлердеги жашоочуларды куткарууга 200дөй өрт өчүрүүчү тартылган.

Бир нече күн мурда Филадельфияда да ири өрт кырсыгы катталып, 12 киши, анын ичинен сегиз бала мерт болгон.

Пикир

Оставить комментарий