“Өнөкөт бактысыздык” деген эмне жана бул абалдан кутуулуунун жолдору кандай?

Дүр дүйнө 0

Иллинойс университетинин изилдөөсү көрсөткөндөй, жылына 10 миллион доллардан ашык акча тапкан адамдар, алардын кол алдында иштеген кызматкерлерине караганда бир аз гана бактылуу. Жашоо шарттары бактылуулукка көп таасир этпейт, чындыгында бактылуу болуу сиздин колуңузда. Күнүмдүк турмуштагы айрым адаттар өзүбүздү бактысыз сезүүгө түртүп, өнөкөт оорудай болуп калат. Ар бир адам өзүн кылдаттык менен изилдеп, күнүмдүк кылган иштерине, ойлогон ойлоруна көңүл буруп “өнөкөт бактысыздыктан” арылса болот.

-Арыздануу

“Мен бактысызмын” деген адамдар каалаган нерселери орундалбаганда дайыма арызданышып, негатив сөздөрдү көп сүйлөшөт. Чындыгында бир ишти жасоо үчүн кылган аракеттериңиз ишке ашпай жатса, аны кечке айтып арыздана берүү эч нерсени өзгөртпөйт да, туурабы? Өнөкөт бактысыз адам болгуңуз келбей жатса, арызданып жаткан абалды кабыл алып, “менин жашоомдун чындыгы бул” дейсиз же “бул жерден кетем, бул нерсеге чыдай албайм” деп, жашоонун жаңы барагын ачасыз.

-Ашыкча ойлонуу

Ойлонуу бир нерсени бышыруу сыяктуу. Эгер бир нерсе бышырып жатканда, мисалы этти аз же өтө көп бышырып койсок да ойдогудай болбойт. Жашоодо болуп жаткан окуялар тууралуу эч ойлонбой коюу да бир топ каталарды жасашыбызды шарттайт. Эгер ошол окуяны тескерисинче чымын абалынан пилге айлантып, өтө маанилүү кылып алсак чыкпас жолго түшүп калышыбыз мүмкүн. Бир проблеманы ойлонуп жатканда, кайсы жерде токтошубузду билүү маанилүү. Эгерде психологиялык көйгөй болбосо, бир проблеманы эки-үч күн ойлонуп чечүүнү үйрөнүү абзел.

-Аракетсиздик

Бактысыз адамдардын аябай чоң проблемалары бар, бирок ал проблеманы чечүүгө аракети жок. Алар коомдогу көйгөйлөрдү ойлонуп жатып, энергиясын түгөтүшөт. Адам жашоосунда тескей ала турган жана тескей албай турган учурларга жолугат. Дүйнөлүк маселелерди, мисалы глобалдык жылуулук, гендердик теңсиздик, жаныбарлардын кароосуз калуусу сыяктуу көйгөйлөрдү ойлоно берүү бүтпөгөн бактысыздыкка алып келет. Жок, бул нерселерге таптакыр кайдыгер болгула дебейбиз. Болгону ашыкча ойлоно бергенден көрө, “ушул маселелер боюнча эмне кыла алам, колумдан эмне келет” деш керек. Ар бир адамдын өзүнүн кичинекей дүйнөсү, кичинекей окуялары бар. Дүйнөнү өзгөртүү үчүн аракет кылбай, айланаңыздагы бир адамдын жашоосунда жакшы өзгөрүүлөргө себеп болуу бактылуулукка жол ачат.

- Өздөрүн адамдардан алыс кармайт

Эгер окуу жайга барган бирөө болсо, арткы орундукка отуруп сабакты угат, кечинде дароо үйүнө кайтат. Жумушка барганда керек болбосо кесиптештери менен баарлашпайт. Калган убактысын бир гана дарттарын, негатив нерселерди ойлоп өткөрөт. Эмнеге жалгызсың деп сурай турган болсок, “өзүмдү табайын, бактылуу сезейин, анан башкаларга кошулам” дейт. А бирок бактылуулукту жалгыз сезе албайсың, башкалар менен биргеликте кызыктуу убакыт өткөрөсүң, кээде болбогон нерселерди айтып күлөсүң, ичиңдеги бугуңду чыгарасың.

-Ойлорун айтышпайт

Өнөкөт бактысыз адамдар маанайлары жок кезде, аны капа кылган нерселерди айланасындагылары түшүнүүсүн, ага көңүл буруусун, сурашын, кызыгышын каалайт. Кээде баарыбыз бирөөнүн көңүл буруусуна, мээримине муктаж болуп калабыз. Бирок ар дайым эле бирөөлөр сени түшүнүүсүн карап отурсаң, бир канча убакыт өткөндөн кийин ичиң таштанды челегине айланат. Андан кийин адамдарга таарынып, эч кимге эч нерсе айткың келбей калат. Адамдардын сени түшүнүүсүн карап отурбай өзүңдүн ойлорунду айт, өзүң жардам сура, “кел сүйлөшөлү, менин көйгөйүм бар, сен мага кеңеш бер” дешиң керек.

-Жан-дүйнөнүн жана дененин керектөөлөрүн канааттандырбайт

Өнөкөт бактысыздар буларды машина сыяктуу көрөт. Машина эч нерсеге муктаж эмес, бузулбайт, токтобой иштей берет деп ойлойбуз. Өнөкөт бактысыздар денесинин жана рухунун үнүнө кулак салбайт. Аябай көп иштешет, курмандыкка барышат, өздөрүнө көңүл бурушпайт. Кээде жан-дүйнө эч нерсе кылбай отурууга, пайдасыз нерселерди сүйлөп каткырууга, көңүл ачууга, кино көрүүгө, таттууларды жасап жегенге муктаж болуп калат.

Даярдаган Самира Шарипова

Пикир

Оставить комментарий