• 84.8
  • 95.63
  • 1.13

Өнүккөн өлкөлөрдүн изи менен. Кыргызстанга кумаркананын кандай пайдасы бар?

Аналитика 0

Туристтик потенциалдын бир катар түрлөрү бар. Алардын бири оюн-зоок жайлары. Казиного тыюу салынган өлкөлөрдө дагы кумар оюндар жашыруун түрдө ойнолуп келип, анын пайдасын криминалдык чөйрө жана аткаминерлер көрүп келет. Алардын иш-аракетине бөгөт коюп, мамлекеттик бюджетке киреше түшүшү үчүн оюн-зоок жайларын мыйзамдаштыруу керек.

Кечээ, 21-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары “Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда жактырышкан.

Көп өтпөй президент Садыр Жапаров оюн-зоок жайлары жөнүндө мыйзам долбоору боюнча билдирүү жасаган.

“Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы “кара пиар” жасап жатышат”, — деп айтылат мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.

Эмне сунушталууда?

Бүгүнкү күндө Кыргызстан бир гана энергетика жана тоо кен тармагына басым жасабастан инновациялык экономикага, анын ичинен туристтик индустрияга көңүл бурушу керек.

План боюнча миң гектардан ашык жерге бир нече отель жана казино куруу пландалууда. Долбоордо кумар оюндары ушул аймакта гана ойнотулары, ал жакка Кыргызстандын жарандары киргизилбей турганы каралган.

Кыргызстан кумар оюндарына тыюу салгандан эмне жоготту?

Адистердин баамында, 2012-жылы кумар оюн-зоокторго, 2015-жылы тотализатор жана букмекердик жайларга тыюу салынгандан мамлекеттик бюджет жылына 600 млн сомдон ашык каражаттан кур калды. Ошондой эле 11 миң жумушчу орун жабылды.

Дүйнөлүк тажрыйба

Дүйнөгө көз чаптырсак, көптөгөн өлкөлөр казинону мыйзамдаштырып, мамлекеттик бюджет миллиард доллардык пайда көрүүдө.

Statista сайтынын маалыматына ылайык, 2011-жылдан 2021-жылга чейин казино жана онлайн-гемблингдин рыноктогу жалпы көлөмү 262 млрд долларды түзгөн. Бирок пандемиядан улам ал 13,4%га төмөндөгөн. Киреше боюнча Las Vegas Sands казиносу алдыңкы орунда турат. Анын кирешеси 2019-жылы 13 млрд долларды түзгөн.

Ал эми Европада оюн-зооктор 20 өлкөдө уруксат берилип, 4 мамлекет спортко акча коюуга уруксат берген. Аларды өкмөт тыкыр көзөмөлгө алган.

Европа казино ассоциациясынын маалыматына таянсак, Европада казино туристтик лайнерлерде кеңири жайылган. Эң эле көп кумар оюндары ойнолуучу өлкөлөргө Италия, Польша, Испания, Франция, Германия кирет.

АКШда 2019-жылы коммерциялык казинонун саны 465ке жетти. Ал жылы казинодон 41 млрд доллар киреше түшкөн.

Азия чөлкөмү дагы оюн-зоок тармагы боюнча алдыңкы регондордун катарын толуктайт. Ал оюндар калк жыш жайгашкан Кытай, Индияда кеңири жайылган.

КМШ өлкөлөрүндө абал кандай?

КМШ өлкөлөрүндө куман оюндары өнүгүүдө жана эксперттердин баамында, ал мамлекетке көрүнүктүү пайда алып келүүдө.

Slotegrator порталынын маалыматына караганда, Россияда кумар оюндарынын рыногу 1 млрд долларга бааланат. Украинада мыйзамсыз кумар оюндарынын рыногунун көлөмү болжол менен Россияныкандай бааланат. Беларуста 2021-жылы мыйзамдаштырылган кумар оюндарынан 6 млн доллар өлчөмүндө салык түшүшү керек.

Казакстанда 2019-жылдын башында кумар оюндардын санын өлкө аймагына көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору каралган.

Казак ЖМКлардын маалыматы боюнча, Казакстанда 2020-жылдын соңунда казинодон түшкөн киреше 78,6 млрд тенгени түзгөн. Ал 2019-жылга салыштырмалуу 6 эсе көп болгон.

Жалпылап айтканда, мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынган адистештирилген административдик райондогу туристтик-оюн-зоок комплекси бюджетке кошумча киреше болушу мүмкүн. Ал түздөн-түз экономикага таасирин тийгизет. Мындан сырткары, кошумча жумушчу орун түзүлүп, туристтердин санын көбөйтүүгө алып келет.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий