• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш түзүлдү. Тийиштүү токтомго КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жалпы координациялоону жүргүзүү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландаштыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Белгилесек, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш көрсөтүлүүчү тышкы жардамды ишке ашыруунун натыйжалуулугу маселелери боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыздоочу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Кеңештин негизги милдети – өнүктүрүү максатындагы тышкы жардам көрсөтүүнү пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу.

КР министрлер кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин төрагасы болуп КР министрлер кабинетинин төрагасы бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий