• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүү боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү.

«Бул консультативдик кеңештин ишмердүүлүгүнүн алкагында буга чейин талкууланган маселелер боюнча белгилүү бир жылыштар бар экендигин белгилей кетүү зарыл. Анын ичинде мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча Жобо жактырылган. Бул Жобонун кабыл алынышы мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун илгерилетүү боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишин жакшыртат жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр үчүн да пайдалуу болот», - деди вице-премьер-министр.

Замирбек Аскаров ошондой эле суу боюнча өтөт зарыл маселелерде жылыштарды белгиледи.

«Белгилүү болгондой, узак убакыт күтүүдөн кийин 14-майда Суу боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү. Бул тармактагы актуалдуу маселелер талкууланып, белгилүү бир чечимдер кабыл алынды. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү белгиленген пландарды ишке ашырууда көмөктөшүүгө жана колдоого чакырам», - деди ал.

Вице-премьер-министр эске салгандай, үстүбүздөгү жылдын 23-майында Климаттык каржылоо боюнча борбор ишке кирди.

«Өкмөттүн, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун климаттык саясат жана климаттык аракеттерге инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү иштерин күчөтүү зарыл», - деп кошумчалады ал.

Замирбек Аскаров өз сөзүндө өзгөчө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков демилгелеген донордук конференция өткөрүү маанилүү болуп саналат.

Координациялык кеңештин тең төрагасы, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар белгилегендей, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү кеңешмени туруктуу негизде өткөрүү кубандырат.

«Бүгүн биз Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо жөнүндө бет ачар менен таанышууну сунуштайбыз. Бул тема Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана өлкө Өкмөтү үчүн канчалык актуалдуу, артыкчылыктуу экендигин билебиз», - деди ал.

Координациялык кеңештин жыйынынын алкагында санариптик трансформациялоо маселелери, 2019-2023-жылдарга Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планы, суу ресурстарын өнүктүрүү Жол картасын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Кеңешменин катышуучулары бир катар маселелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессин тездетүү зарылдыгын белгилешти.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүү Координациялык кеңешинин жыйынынын соңунда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгелерин колдоолору жана атамекендик экономиканы өнүктүрүүгө салым кошуулары үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий