• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өнөрүң болсо өргө чап! Бишкекте эгиздер арасында таланттар сынагы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Бишкекте эгиздер арасында таланттар сынагы өтөт. Бул тууралуу "Сурия" кайрымдуулук фондунун төрайымы Сурия Осмонкулова билдирди.

Сынактын тандоо туру 26-февралда саат 10:00дө Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжинин жыйындар залында өткөрүлөт.

"Тандоо туруна Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун улутуна, жаш өзгөчөлүгүнө карабастан бардык каалоочулары катыша алат. Сынак эки номинацияда болот: биринде ырчы, бийчи, комузчу, дастанчы болсо, экинчисинде кол өнөрчүлөр. Негизги талап катышуучулар эгиз болушу керек", - дейт Осмонкулова.

Сынактын жыйынтыгында март айында "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" атындагы фестиваль уюштурулат.

Иш-чара "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" жана "Сурия" фондунун 15 жылдык маарекесинин алкагында өтүүдө.

Уюштуруучулар фестивалга президент Сооронбай Жээнбековду чакырууну көздөөдө.

"Сурия" кайрымдуулук фондунун байланыш номери: 0778 55 56 65, 0705 32 32 54.

Пикир

Оставить комментарий