• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өнөр жай комитети кен жана концентраттарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салуу тууралуу мыйзамды демилгелейт

Экономика 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитети кен жана концентраттарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салуу тууралуу мыйзамды демилгелөөгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу журналисттерге аталган комитеттин башчысы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

“Кен жана концентраттар Кыргызстанда иштетилиши керек. Дүйнөнүн эч бир жеринде андай чийки заттарды өлкөдөн алып чыкпайт. Бирок ал үчүн тиешелүү шарттарды түзүү керек. Маселен лаборатория ачуу зарыл. Кайра иштетүүчү ишканалар көп болушу керек”, - деди ал.

Ал билдиргендей, кенди алып чыгууга тыюу салуу үчүн тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелеп, аны Жогорку Кеңеште бекитүү керек.

Пикир

Оставить комментарий