• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өнөр жай мамкомитети Россиядан жаратылыш газын сатуу баасын төмөндөтүүнү суранууда

Экономика 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Россиянын энергетика министри Александр Новакка жаратылыш газын сатуу баасын төмөндөтүү тууралуу өтүнүчү менен кайрылды.

Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов билдиргендей, кыргызстандыктар тарифтердин болжолдуу жогорулашына байланыштуу, андан ары газ колдонуудан баш тартышы мүмкүн.

“АКШ долларынын курсунун мындан ары жогорулашын, ошондой эле ага ылайык жаратылыш газынын тарифтеринин көтөрүлүшүн эске алганда, газ колдонуучулар мындан ары газ колдонуудан баш тартып, отундун альтернативдүү түрүнө өтүүсү мүмкүн. 23-апрелде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кыргызстан Тышкы иштер министрлигине, Россия энергетика министри Александр Новакка даректелген кат жөнөткөн. Катта Мамкомитет жаратылыш газын сатуу баасын 150 доллардан төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранган. Жоопту күтүп жатабыз”, – деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий