• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өнөр жай субъектилери жыл башынан бери 167,9 млрд. сомго өндүрүш чыгарышты

Экономика 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында өнөр жай субъектилери 167 миллиард 981,6 миллион сомго өндүрүш чыгарышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков билдирди

Анын айтымында, өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси – 95,3%, анын ичинде “Кумтөрдүн” кен иштетүүчү ишканаларысыз – 107 миллиарл 627,6 миллион сом, өндүруүштүн физикалык көлөмүнүн индекси менен – 101,6 %.

“9 айда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 4,7 пайызга төмөндөшү баалуу металлдардын өндүрүшүнүн 8,9 пайызга, металл кендерин казуунун 65,9 пайызга төмөндөшү менен шартталган”, - деди Орозбеков.

Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, “Кумтөр” кенин эске албаганда өнөр жайдагы өндүрүштүн көлөмү 1,6 пайызга өскөн.

“Өсүш мунайзат өндүрүшүнүн 29 пайызга, текстиль өндүрүшүнүн 28,4 пайызга, кийимдин 21 пайызга, резина жана желим буюмдардын, курулуш материалдарынын 15,8 пайызга өндүрүлүшү менен камсыздалган. Өнөр жай өндүрүшүнүн темпи 9 айда былтыркы жылдын 8 айына салыштырмалуу 4,6 пайызга өскөн”, - деди Орозбеков.

Ошондой эле ал сентябрда өнөр жайда өндүрүштүн темпи 132,5 пайыз деңгээлде камсыздалганын, анын ичинде негизги металлдардын өндүрүлүшүнүн темпи 191,2 пайыз деңгээлде камсыздалганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий