• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өнөржай ишканаларынан сууга товар катары акы алууга багытталган мыйзам долбоору III окууда каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.02.19 /Кабар/. 20-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Мыйзамга) 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Жыйында мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Акматов баяндама жасады.

Мыйзам долбоору боюнча эл өкүлдөрүнүн суроолоруна КР айыл чарбасы, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана Суу чарба департаментинин өкүлдөрү жооп беришти.

Мыйзам долбоор аркылуу суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы белгилөө жана алуу тартиби, суу пайдалануучуларга жеӊилдиктерди берүү суу мыйзамдарына ылайык, КР Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөөрү белгиленүүдө. Ошондой эле айыл жергесиндегилерге же бак-дарак участкалары бар жарандарга, багбанчылык кылгандарга суу Өкмөт аныктаган тартипте берилери каралып жатат.

Мындан сырткары, жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн акы төлөө төмөнкү учурларда бошотулмакчы: кайра жаралуучу энергияны кошкондо сууну электр энергиясын иштеп чыгарууга пайдаланууда, балык өстүрүүдө, калктын ичүү керектөөлөрү үчүн суу алууда, спорт, эс алуу, туризм жана аракеттеги мыйзамда белгиленген максаттарда пайдаланууда.

Белгилей кетсек, өткөн талкууларда суу боюнча 2 төлөм: бири - суу ресурсуна болгон төлөм, экинчиси – суу жеткирүү кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөм болоору такталган. Тагыраак айтканда, суу өнөржай тармагына пайдаланылган учурларда суудан товар катары акы алынат. Ал эми тургундар суу акысын төлөшпөйт, бирок аракеттеги мыйзамда белгиленгендей, сууну жеткирүүдөгү кызмат көрсөтүүгө акы төлөйт.

Пикир

Оставить комментарий