• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлөт: 10-апрелге карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. 10-12-апрелдерде Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас облустарынын ойдун жерлерин суу капташы мүмкүн, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эртең, 10-апрелде көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, айрым жерлерде күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, кар көчкү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 11...16, Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 11...16, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17 градус болот.

Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15 градус.

Ал эми Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 14...19 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 14...16 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий