• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нөшөрлөгөн жаандан Оштогу бир нече үйдүн короосун суу каптады

Аймак 0

Бишкек, 29.03.18. /Кабар/. Кечээ нөшөрлөп жааган жаандан кесепетинен Ош шаарындагы бир нече үйдүн короосун суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Айтиев көчөсүндөгү №3, Зайнабединова көчөсүндөгү №17, Курманжан-Датка көчөсүндөгү №244 көп кабаттуу турак-үйлөрдүн подъездерин жана 8 турак үйдүн короолорун суу каптаган.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, сууларды сордуруп тазалап беришкен.

Андан тышкары, Жалал-Абад облусундагы Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 18-25-чакырымдарынын аралыгында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Союл суусунун деңгээли көтөрүлүп унаа жолду жууп кеткен. Жабыркагандар жок.

Маалыматка ылайык, кечээ жүргүзүлгөн тазалоо иштеринен соң унаа жол бир тараптуу ачылган. Тазалоо иштери бүгүн да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий