• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Н.Момуналиев: Жүрүм-турум эрежелеринин мамлекеттин өнүгүүсүнө тийгизген таасири зор

Коом 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. КРнын Мамлекеттик кадр кызматында “Мамлекеттик кызматта ыйман жана этиканын өнүгүүсү” деген темада лекция болуп, ага КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев катышты. Бул тууралуу аталган мамкызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Н. Момуналиев өз сөзүндө бул иш-чара быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата аткарылып жаткан иштердин бири экенин баса белгилеп, Япония, Кытай, Сингапур өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө моралдык бийик баалулуктардын жана мыйзамдардынсалымы чоң экенин айтты. “Бир караганда бул балким жөнөкөй же маанилүү эместей сезилет чыгаар, бирок жүрүм-турум эрежелеринин жана адамдык бийик сапаттардын мамлекеттин өнүгүүсүнө тийгизген таасири зор”, - деди ал.

Лекциянын журүшүндө КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун кеңешчиси Асылбек Болотбаев “Административдик этика” деген темада лекциясын сунуштады. Анда, Этика Кодекси, коррупция, өнүккөн кээ бир мамлекеттердин этика боюнча комитеттери тууралуу сөз болуп, А. Болотбаев мамлекеттик мекемелерде кадрлардын моралдык жактан өзүн татыктуу алып жүрүүсүнө статс-катчы жоопкерчиликтүү экенин айтты. Ошондой эле статс-катчы өзүн кандай алып жүрсө, кадрлардын жүрүм-туруму ошого байланыштуу болоорун белгилеп, статс-катчы өзү үлгү болуусун кошумчалады.

Бул иш-чара олуттуу ой-пикирлер менен коштолуп, ар бир туура эмес жүрүм-турумдарды жазасыз калтыруу жоопкерчиликсиздикти жаратарын жана мамлекеттик мекемеде ишке терс таасирин тийгизбеген моралдык жакшы атмосфера болушу керектигин жетекчилер айтышты.

Пикир

Оставить комментарий