• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Н.Нарматова: СооронбайЖээнбеков – өлкө президенттигине эң татыктуу талапкер!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 27.09.17 /Кабар/. «Биз, Ноокат районунан чыккан парламенттин мурдагы жана азыркы депутаттары, кадыр-барктуу аксакалдар, коомдук ишмерлер менен биргеликте алдыңыздарга жөндөн-жөн келген жокпуз», -деп кайрылды Жогорку Кеңештин экс-депутаты Надира Нарматова Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош областынын Ноокат районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

«Биз, ар кайсы саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, биргеликте жана ынтымакта Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоо үчүн келдик. Биз Сооронбай Шарипович мамлекеттин бүтүндүгүн сактаган, элди өнүгүүгө ээрчиткен жана алдыңкы мамлекеттин катарына кошкон мамлекет башчысы болот деп ишенебиз», - деп билдирди ал.

Надира Нарматованын айтымында, талапкер кыргызстандыктардын бардык муктаждыктарын билет, премьер-министр кызматында ашыкча сөз кылбастан, пиар жасабастан эле мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. «Биз бүгүн ар кандай партияларга бөлүнбөстөн, өлкөнүн келечеги үчүн Сооронбай Жээнбеков сыяктуу эң мыкты талапкерди биргелешип колдошубуз керек. Кымбаттуу ноокаттыктар, шайлоочулар, сиздер дайым бизди колдоп келгенсиңер. Өлкөдөн кымбат дөлөттү койбогон талапкерибизди да колдоп бересиңердеп ишенем. Биз Сооронбай Жээнбековго добушубузду беребиз жана сиздерди да шайлоо күнү бюллетендеги №9 белгилеп коюуңуздарды өтүнөбүз!», - деп Надира Нарматова ноокаттыктарды чакырды.

Сооронбай Жээнбековдун Ноокат районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусуна 20 миңден ашуун шайлоочулар келишти. Ошондой эле академик Миталип Мамытов, Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров, «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмаз Токторов, экс-депутат Айтибай Тагаев ж.б.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 26.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий