• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Н.Назарбаев А.Атамбаевди жана КР элин Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 6-май /Кабар/. Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкө элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 72 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
«Бул күнү согуш талааларында жана эмгек майданында жеӊишке жол салгандарды эскеребиз. Биз ардагерлерибиздин алдында таазим этебиз, тилекке каршы, алардын катары жыл сайын улам азайып баратат. Аларга ар тараптан камкордук көрүү - баарыбыздын парызыбыз.
Улуу Жеӊиш күнү өз урпактарынын жаркын келечегин ийин тирешип сактап калган биздин элдердин каармандыгы менен биримдигинин символу катары түбөлүк сакталат», - деп айтылат Нурсултан Назарбаевдин катында.
Казакстан Президенти Кыргыз Республикасынын Президентине бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык менен жакшылыктарды каалады.

Пикир

Оставить комментарий