• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Н.Ниязалиев менен Катардын ИИМ башчысынын орун басары КР жарандарына визасыз режим киргизүүнү талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. Кечээ, 2-майда Доха шаарында КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Катардын Ички иштер министринин орун басары, Коомдук коопсуздуктун башкы директору, генерал-майор Саад бин Жассим Аль-Хулайфи менен жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө, кыргыз-катар кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министринин (2018-жылдын марты) жана Ички иштер министринин (2018-жылдын октябры) Катарга болгон сапарларынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

"Ниязалиев катарлык тараптан Дохадагы мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана КРнын жарандарына визасыз режим киргизүүнү тездетүү маселелерине көмөк көрсөтүүсүн өтүндү", - деп билдиришти ведомстводон.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташтыкты тереңдетүү жана тажрыйба алмашуу үчүн өз ара сапарларды уюштуруу келишими жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий