• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нагоягада кыргызстандык кадрларды «Тойота» компаниясында иштөөгө тартуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Нагояга шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында "Гармония" Ассоциациясынын аткаруучу директору Ван Ен Чанг менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Япониядагы адам ресурстары боюнча учурдагы кырдаалды жана муктаждыктарды талкуулашты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын Япониянын ишканаларына жана мекемелерине жумушка орноштуруунун келечеги жөнүндө пикир алмашышты.

Элчи М.Арстанбаев жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстандын кадрлык дарамети жөнүндө маалымат берип, япониялык жумуш берүүчүлөрүнүн чет өлкөлүк жарандарга карата шарттары жана талаптары жөнүндө кызыкты.

Өз кезегинде Ван Йонг Чанг «Гармония» ассоциациясынын ишмердүүлүгү жана Нагоя, Гифу, Ми шаарларында өзүнүн компаниясы тарабынан чет өлкөлүк техникалык стажерлорду окутуу шарттары жөнүндө актуалдуу маалымат берди.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстандан кадрларды даярдоо жана жумушка орноштуруу жаатында тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында япон компаниялары менен практикалык кызматташтыкты орнотуу үчүн жолугушууга «Create Hit», «Yume Hashi» жана «Simply Because Corporation» компанияларынын өкүлдөрү да чакырылган.

Сапардын экинчи күнүндө элчи М.Арстанбаев «Тойота» компаниясынын кураштыруу заводунда болуп, ал жерде автоунааларды чогултуу өндүрүшү менен таанышты жана Глобалдык тышкы байланыштар аймактык тобунун менеджери Хитоши Бизен менен компанияда иштөөгө Кыргызстандан жаш кадрларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий