• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Найман суу сактагычына эркек киши чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Найман суу сактагычына эркек киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районунда 23-июнь күнү саат 18:50 чамасында Көк-Жар айылында жайгашкан Найман суу сактагычына 1965-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин 4 куткаруучусу тартылган.

Бүгүн, 24-июнда издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий